• 88.68
  • 95
  • 0.95

Базарбеков: Акыркы жылдары сот тутумундагы көпчүлүк процесстерди автоматташтыруу боюнча чоң кадам жасалды

Коом 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Акыркы жылдары сот тутумундагы көпчүлүк процесстерди автоматташтыруу боюнча чоң кадам жасалды. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков бүгүн, 7-сентябрында Бишкекте өткөн “Санариптик сот адилеттиги” форумунун ачылышында билдирди.

Ал Кыргызстандын сот тутумунун алдында олуттуу жана масштабдуу милдеттер тургандыгын айтты.

"Өлкө сот тутумунун алдында соттордо иштерди кароонун тартибин мындан ары өркүндөтүү, сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн, сот адилеттигин ишке ашырууда ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, калктын сот адилеттигине болгон ишенимин арттыруу зарылчылыгы менен шартталган олуттуу жана масштабдуу милдеттер турат. Бул маселеде электрондук сот адилеттиги маанилүү ролду ойноп, соттук териштирүүнү жөнөкөйлөтүүгө, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуга, жарандардын сот адилеттигине жетүүсүн жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде сот адилеттигин ишке ашырууда анын сапатын жогорулатууга, өз убагында каралышын жана ачык-айкындуулугун шарттайт", - деди Замирбек Базарбеков.

Ошону менен бирге төрага “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү – 2-фаза” Программасынын мыйзамдуулукту бекемдөө жана санариптештирүү боюнча сот тутумуна көп жылдар бою кошкон зор салымын жана колдоосун баса белгиледи.

Форумдун ишине Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн башчысы Мэрилин Йосефсон, миссия башчысынын орун басары, Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Давид Вестенфельдер, “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү – 2-фаза” Программасынын жетекчисинин орун басары Виктор Кесслер, ошондой эле сот органдарынын өкүлдөрү жана министрлер кабинети, ошондой эле эл аралык уюмдар катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга "Сот" АМТ, "Аткаруу өндүрүшү" автоматташтырылган маалымат тутуму көрсөтүлүп, санариптик сот адилеттиги порталы жана КР Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин окутуу платформасы тууралуу кеңири айтылды.

Катышуучулар ошондой эле сот адилеттигин санариптик трансформациялоо, анын чакырыктары жана келечеги тууралуу пикир алышты.

Пикир

Оставить комментарий