• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бажы кызматы жылдын I кварталында планды 1 млрд сомго ашык аткарды

Экономика 0

Бишкек, 04.04.23. /Кабар/. 3-апрелге карата 2023-жылдын март айында бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндөгү түшүүсү 8,1 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Финансы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 107,5%га аткарылды, же 568,9 млн сомго көп чогултулду. Ал эми 2022-жылдын март айына салыштырмалуу түшүү 3,6 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 180,4%ды түздү.

"Үстүбүздөгү жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 20,7 млрд сомду түздү. План 105,0%га аткарылды же 994,1 млн сомго ашыкча чогултулду. 2022-жылдын 1-кварталына салыштырмалуу түшүү 6,5 млрд сомго көбөйдү, же өсүү темпи 145,9%ды түздү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий