• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бажычылар Кыргызстанга Кытайдан мыйзамсыз ташылып келген 2 млн сомдук товарды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. “Түндүк-Чыгыш” бажысынын кызматкерлери бажы мыйзамдарын бузуу менен Кыргызстанга Кытайдан ташып киргизилген товарды кармады. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Howo 371 үлгүсүндөгү унаа Кытайдан ЕАЭБдин мыйзамдарын бузуу менен Л. аттуу ЖЧКнын дарегине багытталган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестринин маалыматты эсепке алуу журналында катталган.

Келтирилген зыяндын орду 2 млн 99 миң 855 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий