• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бажычылыр товарларды мыйзамсыз ээликтен чыгаруу фактысын аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. “Түндүк” темир жол бажысынын кызматкерлери Т.И.К. аттуу КР жараны тарабынан бажы органынын маалыматы жок товарларды мыйзамсыз ээликтен чыгаруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2013-жылы чыгарылган "YTO-X 904" үлгүсүндөгү трактор КНС түрүндөгү тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуу менен негизги каражат катары катталгандыгы аныкталган.

Ведомстводон белгилешкендей, Т.И.К. бажы органына бажы органынын уруксаты жок техниканы ээликтен ажыратууга жол бербөө боюнча кат жүзүндөгү милдеттенме берген. Бирок текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө унааны ээликтен ажыратып алуу фактысы аныкталып, мамлекетке 266 миң 110 сом зыян келтирилген.

Факт КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий