• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бельгия командасы 94-мүнөтүндө гол киргизип чейрек финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 03.07.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол чемпионатынын 1/8 финалында Бельгия менен Япониянын курама командалары оюн өткөрдү. Оюн 3:2 эсебинде Бельгия командасы жеңип алды.

1-таймда Бельгия командасы дээрлик 45 мүнөт топко ээлик кылганы менен гол жарата алган жок. Оюндун 48-мүнөтүндө Сибасакинин чыгарып берген тобун Харагучи тээп эсепти ачты.

52-мүнөтүндө Кагава Бельгиянын коргоочуларын алдап Инуиге пас берди. Инуи топту дарбазага узатып эсепти 2:0гө айлантты.

Бельгия командасынын чабуулдары курчуй баштады. 69-мүнөтүндө Бельгиянын коргоочусу Вертонген чемпионаттагы кооз голдордун бирин киргизди. 74- мүнөтүндө сол капталдан көтөрүлгөн топту Феллайни башы менен сүзүп эсепти теңеди. Кошулуп берилген убакытта, 94-мүнөтүндө Мёньенин пасын Шадли каршылашынын дарбазасына тээп, Бельгия командасына жеңиш алып келди.

Эскерте кетсек, кийинки оюн 3-июнда саат 20:00дө Швеция менен Швейцариянын курама командалары беттешет.

Пикир

Оставить комментарий