• 88.68
  • 95
  • 0.95

Берлинде өткөн сууда сүзүү боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык спортчулар ийгиликке жетти

Спорт 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Германиянын Берлин шаарында өткөн “World Para Swimming Series Berlin 2022” аттуу эл аралык мелдеште кыргызстандык спортчулар ийгиликке жетти. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сууда сүзүү боюнча мелдеш 2022-жылдын 31-мартынан 3-апрелине чейин параолимпиадалык спортчулар арасында өткөн.

Аталган мелдеште Кыргызстандан төрт параолимпиадалык спортчу катышып, эң жакшы натыйжаларга жетишти.

Ал спортчулар - Надежда Рак, Дастан Камчыбеков, Жалалдин Абдувалиев жана Жоомарт кызы Айтунук жалпысынан ар кайсы аралыкка сүзүү боюнча 14 медалга ээ болушту, анын ичинде 2 алтын, 7 күмүш жана 5 коло медаль бар.

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин кызматкерлери кыргызстандык спортчуларды мелдеште колдоп, аларга мындан аркы ийгиликтерди жана жаңы жеңүүлөрдү каалашты.

Пикир

Оставить комментарий