• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Беткап жана коргоочу кийимдер: Кытайдын Фошань шаарынан Ошко гумжардам келди

COVID - 19 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Ош шаары менен боордош алакадагы Кытайдын Фошань шаарынан Ош шаарына медициналык гумманитардык жардам келди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдайт.

Фошань шаары 30 миң даан беткап, 100 медициналык атайын форма жана дене табын өлчөөчү 100 даана инфракызыл термометрлерди жөнөткөн. Ош шаарынын мэриясы келген жардамдарды тиешелүү кызматтарга бөлүп берет.

"Ош шаарынын мэриясы боордоштук алакадагы Сиань жана Шицзячжуан шаарларынын жетекчилери менен да сүйлөшүү иштерин жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий