• 88.68
  • 95
  • 0.95

Билим берүү министрлиги абитуриенттер үчүн сайт ачты

Коом 0

Бишкек, 09.07.19. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттер үчүн окуу жай тандоого көмөкчү болушу үчүн сайт ачты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

"Ачык өкмөт" долбоорунун алкагында "Жарандык ортоктоштук" коомдук фондунун колдоосу менен www.university.edu.gov.kg даректүү сайты түзүлгөн.

Анда Кыргызстандагы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес окуу жайлар, алардагы бөлүмдөр, дареги, байланыш номерлери тууралуу маалыматтар бар.

Пикир

Оставить комментарий