• 88.68
  • 95
  • 0.95

Билим берүү министрлиги аккредитациялоо боюнча сунуштарды күтөт

Билим 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүүчү мектептерди жана жалпы билим берүү программаларын аккредитациялоо тартибин өзгөртүү максатында иш-чараларды баштады.

Министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын ырастоо максатында жүргүзүлүүчү аккредитациялоо процедурасынын тартибине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү пландалууда.

Буга байланыштуу Билим берүү министрлиги 2022-жылдын 14-августуна чейин электрондук дарекке сунуштарды күтөт. "Сиздерден түшкөн сунуштарды аккредитациялоо боюнча укуктук ченемдик актылардын долбоорун иштеп чыгуучу жумушчу топ карайт", - деп айтылат

Пикир

Оставить комментарий