• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Билим күнү. Ысык-Көлдө 500дөн ашуун милиция кызматкери кызмат өтөөдө

Аймак 0

Бишкек, 01.09.22. /Кабар/. 1-сентябрь - Билим күнүндө Ысык-Көл облусунда 500дөн ашуун милиция кызматкери күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ар кандай укук бузууларды, кырсыктарды болтурбоо максатында мектеп жетекчилери менен баарлашуу жүргүзүлүп, билим берүү мекемелеринин коопсуздук чаралары текшерилди.

"Класстардын саны көп мектептерге облустун милициясынын кошумча күчтөрү коюлду”, - деп белгилешти милициядан.

Мындан тышкары, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана бөлүм башчылары мектеп окуучулары менен эрдик жана патриоттук сабактарды өткөрүшөт.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылы облустагы 192 жалпы билим берүү мекемеси окуучуларды кабыл алды. 8 миңден ашуун бала биринчи жолу мектеп босогосун аттады.

Пикир

Оставить комментарий