• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек–Чалдовар жолунда жарыктын жоктугунан унаа адамды өлтүрө сүзүп алган

Кырсык 0

Бишкек, 24.05.22. /Кабар/. Бишкек–Чалдовар жолунда жарыктын жоктугунан унаа адамды өлтүрө сүзүп алган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 24-майда болжол менен саат 00:25тер чамасында Бишкек–Чалдовар унаа жолунун 28-чакырымында 26 жаштагы А.Г., өздүк “БМВ-524” үлгүсүндөгү унаасы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып, жолдун жарыктандыруучу жарыктардын күйбөгөндүгүнөн жолдо өтүп жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.

Натыйжада жөө жүргүнчү алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий