• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэри Чехиядан келген делегация менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров Парламенттин депутаттар палатасынын төрагасынын орун басары Ян Бартошек баштаган Чехиянын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар достук мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаадагы тарыхый эстеликтерди сактоого өзгөчө маани берерин жана Чехословакиядан келген «Интергельпо» кооперативинин тарыхый мааниси тууралуу керектүү маалыматтарды табууга көмөктөшүүгө даяр экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, Чехия делегациясы боордош көрүстөнүндөгү Чехословак мүрзөлөрүнө, Интергельпо районуна, Ю.Фучик паркына жана А. Дубчектин үйүнө барууну пландаштырууда.

Пикир

Оставить комментарий