• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэри: Таштанды полигонунун айланасы жашылдандырылат

Коом 0


Бишкек, 19.10.23./Кабар/. Бишкектин четиндеги таштанды полигонунун айланасына бак тигилип, жашылдандырылат. Бул тууралуу калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров журналисттерге берген маегинде билдирди.

Шаар башчысынын айтымында, азыр таштанды полигонунан эч кандай түтүн чыккан жок. Адистер анын тегерегин жакшыртуу иштерин активдүү жүргүзүп жатат.

“Бишкекти ыш каптаткан полигонду жапканбыз. Эми анын айланасына бак отургузабыз. Азыр агрономдор менен сүйлөшүп, ал жакка кандай көчөттөрдү отургузууга боло тургандыгын кеңешип жатабыз”, – деди Абдыкадыров.

Калаа мэри таштанды полигонун тегерете бак тигүү иштери ноябрь айларында башталарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий