• 88.68
  • 95
  • 0.95

Казакбаев БУУнун Контртерроризм башкармалыгынын башчысы менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 21-сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин БУУнун Башкы катчысынын орун басары, Контртерроризм башкармалыгынын (КТБ) башчысы Владимир Воронков менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун негизги максаты – коопсуздук, терроризм жана экстремизм менен күрөшүү, ошондой эле Афганистандагы окуялардын Борбордук Азиядагы коопсуздукка тийгизген таасири боюнча эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулоо болду.

КР Тышкы иштер министрлигинин башчысы Кыргызстан БУУнун экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча программаларын колдой тургандыгын ырастады, ошондой эле Кыргызстандын 2017-2022-жылдарга карата Экстремизмге жана терроризмге каршы программасын ишке ашыруу үчүн Кыргызстан БУУ менен эл аралык эксперттерди жана финансылык-техникалык жардамды тартуу боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде, Владимир Воронков КТБнын Кыргызстан менен терроризмге каршы өз ара аракеттенүү деңгээлин, ошондой эле КТБнын аталган маселелер боюнча тыгыз байланышты улантууга даяр экендигин жогору баалады.

Пикир

Оставить комментарий