• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэри жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын ректорлору менен жолугушту.

Мэриядан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар муниципалитет ишке ашырууну пландаштырып жаткан долбоорлор, анын ичинде ЧЧК, Ала-Арча, жана Аламүдүн дарыяларынын жээк зоналарын жакшыртуу долбоорлору боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Эмилбек Абдыкадыров студенттердин шаардын турмушуна катышуусу жакшы практика болуп саналарын, анда бардык алган теориялык билимдерин колдонууга болорун белгиледи.

Ошондой эле борбор калаанын мэри ар бир университетте активдүү жана таланттуу студенттердин арасынан курулуш отрядын түзүүнү сунуштады.

Билим берүү мекемелеринин жетекчилери бул демилгени колдоп, кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. Бирок студенттерди кызыктыруучу механизмдерди иштеп чыгуу зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий