• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек мэриясы №76 мектепти оңдоп-түзөөгө тендер жарыялады

Коом 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Бишкек шардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жалпы аянты 2300 м2 болгон №76 орто мектепти оңдоп-түзөөгө тендер жарыялайт.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, үч кабаттуу имаратты капиталдык оңдоп-түзөө, ошондой эле мектептин айланасын жакшыртуу каралган.

Мектепти оңдоп-түзөө иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

Эске салсак, сынак ​​тууралуу толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: www.zakupki.gov.kg

Пикир

Оставить комментарий