• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясы коронавирус коркунучунан улам жогорку деңгээлдеги даярдык режимин киргизди

Коом 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Бишкек мэриясы коронавирус коркунучунан улам жогорку деңгээлдеги даярдык режимин киргизди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, спорт ийримдери, маданият үйү, көркөм жана музыкалык мектеп, театр, музей, китепкана, балдардын көркөм мектеби, балдар жана өспүрүмдөрдү калыбына келтирүү борбору, үй-интернаты, шаардык калыбына келтирүү жана геронтологиялык борбору жана социалдык мекемелердин ишмердүүлүгүнө 6-апрелге чейин чектөө киргизилүүдө.

Шаар мэриясы тургундарды эл көп чогулган жерден оолак болууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий