• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэриясынан шаардын кайсы жерине жаңы жол чырактар орнотуларын айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 27.12.23. /Кабар/. Бишкек мэриясынан шаардын кайсы жерине жаңы жол чырактар орнотуларын айтып беришти.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө 10 объектини электр тармактарына туташтыруу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат:

Юнусалиев көчөсү- Койбагаров көчөсү;
Тоголок Молдо көчөсү- Саадаев көчөсү;
Өмүр көчөсү – Алыкулов көчөсү;
Токтогул көчөсү -Калык Акиев көчөсү;
Садыбакасов көчөсү - Жайыл Баатыр көчөсү;
Л.Толстой көчөсү- 7-Апрель көчөсү (Путепроводная);
Ауэзов көчөсү - Кырман көчөсү;
Чүй проспектиси – Төрөкул Айтматов көчөсү;
Чыңгыз Айтматов проспектиси 93/1 – Безымянная көчөсү (Океева);
Л.Толстой көчөсү– Ибраимов көчөсү (Путепроводная).

Ошондой эле көчөлөрдүн кесилишинде жаңы жол чырак объектилерин курууга тендер жарыяланды:

Абай көчөсү - Горький көчөсү;
Пр. Зимы көч, Ак-Босого конушу №101 орто мектеби (жөө адамдар өтүүчү өтмөк).

Ведомстводон кошумчалашкандай, 2023-жылы шаарда 14 жаңы жол чырак объектисинин курулушу аяктады.

Пикир

Оставить комментарий