• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого 13 партия катышуу ниетин билдирди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. 7-июнга карата Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайрадан шайлоого катышуу үчүн 13 партия катталды. Бул туралуу агенттикке Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, төмөнкү партиялар каттоодон өтүүгө укуктуу:

1. «Өнүгүү-Прогресс» - партиянын жетекчиси Бакыт Төрөбаев

2. «Социал-демократтар» - партиянын жетекчиси Темирлан Султанбеков

3. «Замандаш» - партиянын жетекчиси Аскарбек Омуракунов

4. «Келечек-Будущее» - партиянын жетекчиси Чынгыз Макешев

5. «Ата-Журт Кыргызстан» - партиянын жетекчиси А.Маткеримов

6. «Биздин Кыргызстан» - партиянын жетекчиси А.Осмонов

7. «Ынтымак» - партиянын жетекчиси Марлен Маматалиев

8. «Жаны мезгил» - партиянын жетекчиси Казакбай кызы А.

9. «Биздин Эл» - партиянын жетекчиси Майрамбек Расулов

10. «Туран» - партиянын жетекчиси Бекчоро уулу Эрлан

11. «Эмгек» - партиянын жетекчиси Ырысбек Мааткабылов

12. Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы - партиянын жетекчиси Артур Медетбеков

13. Жашыл Кыргызстан партиясы - партиянын жетекчиси Эркин Булекбаев

Эскерте кетсек, 11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешке шайлоо добуш сатып алууларга байланыштуу жараксыз деп табылган. Кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий