• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жети-Өгүздө эки жеңил унаа кагышып, 3 адам каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Балыкчы-Бөкөнбай-Каракол жолунун 178-чакырымында (Даркан айылы) “Ауди С4” менен “БМВ 525” жеңил унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен “БМВ 525” унаанын 22 жаштагы айдоочусу жана “Ауди С4” унаасынан эки эркек киши каза болуп, бир адам жабыркаган.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандардын сөөгүн унаадан чыгарышып, милици кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган адамды тез жардам кызматы аркылуу райондук ооруканасына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий