• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек шаарындагы спорт мектептерин керектүү жабдыктар менен камсыздоо маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы спорт мектептерин керектүү жабдыктар менен камсыздоо маселеси талкууланды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Токоноев шаардык спорт мектептердин ардагер-машыктыруучулары менен жолугушуу өткөргөн. Анын жүрүшүндө шаардык спортту мындан ары өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу жана спорт мектептерин спорт жабдыктары менен жабдуу маселелери талкууланды.

Андан тышкары, муниципалдык бокс мектептери жеке менчик мектептер менен атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу ыкмалары, жаш кызматкерлердин иштен кетүүсү, эмгек акыны көбөйтүү, машыктыруучулар менен спорт чеберлерин даярдоо базасынын жетишпегендиги тууралуу маселелер каралды.

Ошондой эле спорт ардагерлери спорттун категорияларынын классификациясын эл аралык стандарттарга жооп берүү үчүн тез арада өзгөртүү зарылдыгын белгилешти.

"Спартак" спорт залын оңдоо маселеси күн тартибине коюлуп, долбоорго каржы издөө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарында 12 спорт мектеби бар. Анда 96 инструктор жана 300дөн ашык машыктыруучу эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий