• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек шаарынын №1 ооруканасында жаңы корпус ачылды

Коом 0

Бишкек. 14.10.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын №1 Башкы клиникалык ооруканасында жаңы корпустун ачылышы болуп өттү.

Анда кабыл алуу блогу жана оорукананын консультациялык-диагностикалык бөлүмү жайгашкан. Аталган объект медициналык мекеменин администрациясынын "Борбор Ас-Сафа" коомдук бирикмеси менен кызматташтыгынын натыйжасында курулган.

Оорукананын башкы дарыгери А.Мусаевдин айтымында, буга чейин кабыл алуу бөлүмү кичинекей, ыңгайсыз, ар кандай диагностикалык кабинеттер, лабораториялар оорукананын ар кайсы жерлеринде жайгашкан, кээде сырттан да диагноз коюу үчүн бейтаптарды диагностикага жиберүүгө туура келген. Бул ооругандар үчүн да, дарыгерлер үчүн да ыңгайсыз болчу, ошондой эле ооруканага жаткырууну талап кылбаган бейтаптарга анча-мынча оперативдүү жардам көрсөтүү кыйын эле. Эми жаңы курулган объект эң заманбап медициналык техника, лабораториялык-диагностикалык жабдуулар менен жабдылган, бул бейтаптын оорусун так жана тез аныктоого гана эмес, ошол замат жеринде кичине операция жасоого да мүмкүндүк берет.

Ачылыш аземине Мухаммад Абдуррахмаан Альшайа жана Рашид Якуб Альнафиси баштаган "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, ошондой эле Кувейттен келген башка өкүлдөр жана коноктор катышты.

Оорукананын башкы дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор А.Мусаев жамааттын атынан жаңы корпустун курулушу үчүн демөөрчүлөргө чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий