• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сузактын Кызыл-Туу айылында 96 үй-бүлөгө ылайыкташкан соцшаарча курулду

Аймак 0

Бишкек, 14.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 14-октябрь күнү, Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Орто-Сай айылында 96 үй-бүлөгө ылайыкташтырылган "Үмүт" социалдык шаарчанын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор ыйгарым укуктуу өкүлдүн демилгеси менен "Ас-Сафа Борбору" коомдук бирикмесинин колдоосу астында ишке ашырылды. Ага жергиликтүү бийлик 3 гектар жер аянтын ажыратып берген. Шаарчада тигүү цехи, фельшерлик-акушердик пункту (ФАП), азык-түлүк дүкөнү, мечит жана кичи футбол аянтчалары курулган.

Салтанаттуу президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, "Ас-Сафа Борбору" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, Кувейт мамлекетинен келген демөөрчүлөр, облус мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, жергиликтүү бийлик жана айыл тургундары катышты.

Президенттин өкүлү район-шаарларда аз камсыз болгон, жашоо шарты оор үй-бүлөлөрдү колдоо максатында эл аралык уюмдар менен тыгыз иш алып барылып жатканын айтып, мында социалдык шаарчаларды курууга өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи.

Өкүл турак жайларда жашоо үчүн керектүү болгон бардык шарттар түзүлгөнүн, мындагы жайда тургундар жумуш менен да камсыздалаарын белгиледи. Ага катар эл түйшүгүн жеңилдетүүгө жакындан көмөктөшкөн коомдук бирикмеге ыраазычылык билдирди.

Турак үйлөрдүн жашоочулары социалдык шаарчаны курган демөөрчүлөр тарабынан тандалып алынган. Алар биринчи кезекте көп балалуу жалгыз бой энелерге, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, жашоо шарты оор деп аныкталган үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий