• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкекте эски трансформаторлор алмаштырылууда

Коом 0

Бишкек, 14.10.23. /Кабар/. Бишкек электр тармактар ишканасы күз-кыш мезгилинен өтүүгө жабдууларды даярдоо максатында күч трансформаторлорун алмаштырууда.

Ишканын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 14-октябрда Төмөнкү Ала-Арча айылында Бишкек электр тармактар ишканасынын Түндүк РЭТ кызматкерлери тарабынан күч трансформатору алмаштырылды.

Белгилей кетсек, жаңы трансформатордун кубаттуулугу 250 кВА түзөт, бул эски трансформатордон 90 кВАга көп. Бул иштер 2023-жылдын капиталдык курулуш планынын алкагында жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, күч трансформаторлору филиал - электр тармактары ишканалары үчүн "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК тарабынан сатылып алынган. Алардын ичинен 28 трансформатор Бишкек электр тармактар ишканасына өткөрүлүп берилди.

Бул иштер сапатын жакшыртууга жана керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий