• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров эл каттоодон өттү

Коом 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров иш күнүн эл каттоо анкетасын толтуруу менен баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эл каттоочу смартфондогу атайын тиркеменин жардамы менен мэрдин, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана турак жай фондусунун маалыматтарын тактады.

Эмилбек Абдыкадыров шаар тургундарын эл каттоого активдүү катышууга чакырып, масштабдуу иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.

Эскерте кетсек, бүгүнтөн баштап жалпы калкты каттоо башталып, ал 2022-жылдын 3-апрелине чейин созулат. Эл каттоонун мөөнөтү КР министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген.

Эл каттоого Кыргызстандын бардык жарандары, өлкөдө туруктуу жашаган же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоонун жүрүшүндө убактылуу жок болгон Кыргыз Республикасынын жарандары өткөрүлөт.

Мындан тышкары, өлкөнүн, шаардын, райондун аймагында жайгашкан бардык турак жайларды каттоо жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий