• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Молдобасаров Мирлан Камчыбекович Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Ал буга чейин капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын аркалап келген.

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын башчысы болуп Шеримбаев Максат Калыбекович дайындалды.

Жаныкеева Чынара Доктурбековна Октябрь районунун акиминин орун басары болуп дайындалды. Ал кызматка мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын кадрларынын түзүлгөн резервинен дайындалган.

Тиешелүү буйруктарга калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Пикир

Оставить комментарий