• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек–Ташкент автобустук каттамы жабылды: Келишимди Казакстан бузду

Коом 0

Бишкек, 31.01.19 /Кабар/. Казакстан Бишкек-Ташкент транзиттик автобустук каттамдын жабылышын талап кылып, макулдашылган келишимди бузду. Бул тууралуу Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлады.

Эске салсак, 24-январда Казакстан Бишкек-Ташкент каттамдын өз аймагынан өтүүсүнө тыюу салган. Мындай чечимди казак тарап Бишкек – Жибек Жолу каттамы кайталанып жатканы менен түшүндүргөн.

Буга чейин Кыргызстандын жана Өзбекстандын тиешелүү органдары автобустук каттам тууралуу өз ара макулдашып, кийин Казакстандын Транспорт комитети менен дагы макулдашылган болчу.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 5-6-ноябрында Астанада өткөн кыргыз-казак өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссиянын жыйынында, казак тарап Бишкек-Ташкент каттамынын убактысын өзгөртүү тууралуу демилге көтөрүп, Бишкек – Жибек-Жолу менен бир сааттык интервал болуусун талап кылган.

19-ноябрда Кыргызстан сүйлөшүлгөндөй каттамдын жаңы убактысын Казакстанга макулдашууга жиберген. Бирок ушу тапка чейин тараптар бул маселе боюнча бир пикирге келише элек.

Ал эми 2018-жылдын 28-декабрында Казакстандын Транспорт комитети Кыргызстанга кат жөнөтүп, Бишкек-Ташкент каттамын токтото турууну билдирген. Бул чечимди транзиттик автобус каттамдарынын жаңы тартиби каралып жатканы менен байланыштырган.

Бирок бул чечим жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча эл аралык конвенциянын нормаларына каршы келет, деп билдирди Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлиги.

24-январда Казакстан Кыргызстандын жана Өзбекстандын тийиштүү органдарына кабарлабай туруп, эл аралык нормаларды бузуп, Бишкек-Ташкент каттамын өз аймагынан өтүүсүнө тыюу салган.

Азыркы учурда Кыргызстан менен Казакстандын транспорт тармагындагы мекемелери бул маселени чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Бишкек–Ташкент автобусу 2018-жылдын май айында каттай баштаган. Бул каттам боюнча күнүнө бир тарапка эле 100 жакын адам каттачу.

Пикир

Оставить комментарий