• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек жана Ош шаарларында америкалык блюз-тобу концерт коет

Маданият 0

Бишкек, 27-июнь /Кабар/. Американын Кыргызстандагы элчилиги Бишкекте жана Ошто «MemShannon and the Membership Band» блюз-тобунун концерттик программаларын уюштуруп жатканын аталган элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Иш чара Американын 241-эгемендүүлүк күнүнө арналып, концерттик программа бекер тартууланат.

«Mem Shannon and the Membership Band» тобу 29-июнда Бишкектеги Жеңиш сейил багында “Тенгри” музыкалык фестивалында концерттик программасын тартуулайт. Жергиликтүү симфониялык оркестр менен коштолгон концерт саат 21:00 башталып, андан соң «Mem Shannon and the Membership Band» тобу Ош шаарына кетет. Оштогу программасын аталган топ 1-июлда саат 17:30да С. Ибраимов атындагы Ош кыргыз драма театрында улантат.

«Mem Shannon and the Membership Band» тобу концерттик программасын 2-июлда саат 18:00дө Бишкектеги «Бишкек Парк» соода борборунда жыйынтыктайт.

Ошондой эле, «Mem Shannon and the MembershipBand» АКШ элчилиги тарабынан каржыланган Access Microscholarship программасынын музыканттарын, катышуучуларын, музыкалык мекемелерде окугандарга мастер-класстарды, алардын бул тармакта билимин жогорулатууга жардам берет. Мастер-класстар Бишкектеги жана Оштогу Америка бурчтарында уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий