• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек жана Ош шаарларында спорттун 16 түрү боюнча КР ЖОЖдорунун чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 23.03.24. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 25-мартынан 28-апрелине чейин Бишкек жана Ош шаарынын спорттук базаларында спорттун 16 түрү боюнча Кыргызстандын жогоркуу окуу жайларынын арасында чемпионат өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спорттук иш-чаранын негизги максаты - дене тарбия жана спортту студенттердин күнүмдүк турмушуна киргизүү, республикалык жана эл аралык мелдештерге катышуу үчүн күчтүү спортчуларды аныктоо болуп саналат.

Чемпионат спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өтөт:

  • баскетбол;
  • тогуз коргоол;
  • стол теннис;
  • шахмат;
  • бокс;
  • кыргыз күрөш;
  • дзюдо;
  • оор атлетика;
  • самбо;
  • футзал;
  • сууда сүзүү;
  • ордо;
  • жеңил атлетика;
  • эркин күрөш;
  • грек-рим күрөшү;
  • кыз-келиндер күрөшү.

Пикир

Оставить комментарий