• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте өрттүн кесепетинен бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 23.03.24. /Кабар/. Бишкекте өрттүн кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн борбор калаанын Широкий көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, тилсиз жоо саат 20:03дө толугу менен өчүрүлдү. Тилекке каршы өрт кырсыгынын кесепетинен 1967-жылы туулган М.Р. аттуу эркек киши каза тапкан.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.

Пикир

Оставить комментарий