• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек ЖЭБдеги авария: Кыдырбаев өзүнүн версиясын айтты

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.03.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда жылуулук электр борборундагы авария боюнча иш каралып, учурда “Электр станциялары” ишканасынын мурунку жетекчиси Узак Кыдырбаев сурак берүүдө.

ЖЭБде болгон аварияга байланыштуу бир нече комиссия, эксперттер жана башка адамдар иш алып барышты. Авариянын себеби жана кесепети.

“Авариянын себебин мен түшүндүрүп кетейин дедим эле. Бул жерде эки нерсе бар, ошолорду бөлүштүрүп түшүнүү керек. Алар себептер менен күнөөлүүлөр жана авариянын кесепеттеринин себептери жана күнөөлүүлөрү. Саат 17:44гө чейин ыкчам кызматкерлер диораторлордун төмөндүгү тууралуу билип туруп, түшүнүксүз иш-аракеттерди жасаган. Башкы инженер – бул кадимкидей эле шарттар деп атаган. Бул коопсуздук системасы өзү от казандарды өчүрүүгө алып келген. Бул биринчи себеп. Экинчиси – аварияны токтотуу. Ал жерде кызматкерлер чындыгында биргеликте иш алып барышкан. Саат 17:44дө эки гана от казан иштеп, кийинчерээк дагы бирөө күйгүзүлгөн”, - деп билдирди ал.

Эмне себептен суу менен камсыз кылуу көрсөткүчтөрү ар түрдүү?

“Мен жарыктандыргычтар качан күйгүзүлгөндүгүн билбейм. Турбиндик цехтин көрсөткүчтөрү боюнча текшерсе болчудай. Кошумча жарыктандыргыч сууну тазалап, химиялык жактан тузу тазаланган суу берүү үчүн керек. Буга чейин берилген маалымат боюнча, өз керектөөсү үчүн 30%га чейинки суу алынышы мүмкүн”, - деп кошумчалады Кыдырбаев.

Эскерте кетсек, былтыр 26-январда кечинде Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаардыктардын батирлерине жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Башкы прокуратура тарабынан КРнын кылмыш Кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгүндө (шалаакылык) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Пикир

Оставить комментарий