• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек ЖЭБиндеги кырсык. Жарылуудан буу казандар жабыркаган эмес — Төрөбаев

Коом 0


Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. "Алдын ала маалымат боюнча жарылуудан от казандар жабыркаган эмес. Биз алардын ишин калыбына келтирүүгө аракет көрүп жатабыз. Шейшембиге чейин туруктуу абалга чыгабыз деп ойлойм", - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек Жылуулук электр борборунун ишине комментарий берип жатып.

Анын айтымында, энергетиктер запастагы 4 буу казанды кошууга даярдап жатышат.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан объектини калыбына келтирүү жана тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат, энергетиктер Бишкек шаарынын тургундарына жылуу суу жана жылуулук берүү үчүн төрт буу казанды ишке киргизет. Азыркы сааттарга карата биз басымды көтөрдүк жана азыр бүт системаны толтуруу үчүн иштеп жатабыз. Резервдик от казандарды ишке киргизип, Кудай буйруса жылуулукту калыбына келтирип, кечке чейин ысык сууну берүүнү улантабыз. Суу ысык болбойт, бирок болжол менен 50 градус болот", - деди Төрөбаев.

Ал абал президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин белгиледи.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Алдын ала маалыматка караганда, беш адам жабыркап, ооруканага түштү.

Аварияга байланыштуу шаар тургундарына ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди көрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий