• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекке Москва жана Екатеринбург шаарларынан кошумча каттамдар аткарылат

Коом 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Бишкекке Москва жана Екатеринбург шаарларынан кошумча каттамдар аткарылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы «Манас» эл аралык аэропортуна Москва жана Екатеринбург шаарларынан кошумча каттамдарды аткара баштады.

Алсак, 2022-жылдын 6-апрелинен тарта «Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург» багыты боюнча каттам жумасына 2 жолу, шаршемби жана ишемби күндөрү аткарылмакчы.

Ал эми, 7-апрелден баштап «Москва-Бишкек-Москва» багыты боюнча каттам жумасына 3 жолу, дүйшөмбү, шаршемби жана бейшемби күндөрү аткарылат.

Пикир

Оставить комментарий