• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Бишкексууканал” штаттык режимде иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын бригадалары штаттык режимде иштеп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, башкармалыктын кызматкерлери ичүүчү сууну туруктуу берүүнү жана саркынды сууларды натыйжалуу чыгарууну улантууда.

Башкармалыктын ишмердүүлүгү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө ишенимдүү жана сапаттуу кызматтарды камсыз кылуу менен бишкектиктердин жашоосуна түздөн-түз таасирин тийгизет.

Белгилей кетсек, башкармалыктын кызматкерлери жаңы жылдык каникулга карабастан штаттык режимде иштеген.

Пикир

Оставить комментарий