• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте 1937-38-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына арналган “Ата-Бейит” тасмасынын бет ачары өтөт

Маданият 0

Бишкек, 16-март /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бүгүн Бишкекте Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин кинозалында 1937-38-жылдары репрессиянын курмандыктарына арналган “Ата-Бейит” даректүү тасмасынын бет ачары өтөт. Бул тууралуу Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясы билдирди.

Тасманын бет ачары Кыргызстандагы Адеп, ыйман жана маданият жылына арналган иш-чаралардын алкагында өтөт.

Уюштуруучулары - Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы жана тасманын продюсери Алижан Насиров.

“Бишкектен 30 чакырым аралыктагы Чоң-Таш айылында репрессияга дуушар болгон жана өлтүрүлгөн 137 адамдын сөөгү коюлган. Коомчулукка бул тууралуу 1991-жылы белгилүү болгон. Алгачкылардан болуп бала кезинде күбө болгон Бүбүйра Кыдыралиева бейит жөнүндө маалымдаган. Андан соң өлгөндөрдүн сөөгү кайра көмүлгөн”, - деп билдиришти киностудиядан.

Эскерте кетсек, 2016-жылы Эл аралык мусулмандар кино тасмаларынын 12-чи фестивалында “Ата-Бейит” сынактык программага катышып, “Эң мыкты кыска метраждуу даректүү тасма” номинациясындагы дипломго татыган.

Пикир

Оставить комментарий