• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте талма оорусу менен жабыркаган 25 жаштагы бала дайынсыз жоголду

Кырсык 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Свердлов райондук ИИБси дайынсыз жоголгон 1993-жылкы Маликов Хонтур Жамол Углини издейт.

Милициядан кабарлашкандай, ал 2018-жылдын 21-ноябрында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 175-180 см, чачы кара, орто дене түзүлүштөгү.

Өзгөчө белгилери: талма оорусу менен ооруйт, акыл-эси жагынан да бир аз жабыркап келет.

Кийимдери: боз түстөгү куртка, спорттук шым, башында кара түстөгү баш кийим.

"Урматтуу шаар тургундары! Маликов Хонтур Жамол Углинин кайда экенин билгендер болсо, Бишкек шаардык Свердлов райондук ИИБге төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: (0553) 102-387, (0706) 32-62-62", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий