• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда өспүрүмдөр бар үйгө чагылган түшкөн

Кырсык 0

Бишкек, 09.04.23. /Кабар/. Кечээ, 8-апрелде таңкы саат 04:15тер чамасында Жалал-Абад облусундагы Кара-Инген айылында турак үйгө чагылган түшүп, үй өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттөнүп жаткан учурда 2009-ж.т. Б.А. жана Б.Э. аттуу эгиз балдар жана алар менен жашташ А.М. аттуу бала терезеден качып чыгышкан.

"Алардан башка үйдүн ичинде эч ким болгон эмес. Жабыркандар жок. Ал эми жогоруда аталган балдар туугандарыныкына жайгаштырылган. Жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан акт түзүлүп, турак үй жараксыз экени аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий