• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясы: №35, 41 автобустук каттамдар башка ташуучу ишканага пайдаланууга берилет

Коом 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти «Шыдыр жол КЖ» ЖЧКсы менен түзүлгөн №35 жана №41 автобустук каттамдарын пайдалануу боюнча келишимди бузду.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ташуучу ишкана тарабынан системалуу түрдө келишимдик милдеттенмелер так аткарылбагандыктан, келишим бир тараптуу бузулду.

Эске салсак, ишкана жумуштагы кемчиликтерди, тактап айтканда, кыймылдуу курамдын пландуу чыгуусун сактоо боюнча көптөгөн мыйзам бузууларды жоюу милдеттерин жана талаптарын аткарган эмес.

Шаардыктар линияда №35 жана №41 автобустук каттамдардагы автобустардын жоктугуна бир нече жолу арызданышкан. Аталган ишкананын өкүлүнө тиешелүү эскертүүлөр берилген.

Мэриядан баса белгилешкендей, 2022-жылдын 11-майынан тартып “Шыдыр Жол KG” ЖЧКсы жогорудагы каттамдарды тейлөөнү токтотот.

Шаардыктарды коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында аталган каттамдарды сынак өткөнгө чейин «Эко Пассажирские перевозки» ЖЧКсына убактылуу бекитүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий