• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте аял көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан кулап түшкөн

Кырсык 0

Бишкек, 04.11.21. /Кабар/. Бишкекте куткаруучулар 4-кабаттан 1-кабаттын бастырмасына кулап түшкөн аялды түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунун Байтик Баатыр көчөсүнүн №37 үйдүн 4-кабатындагы батиринин балконунан 1-кабатында орнотулган бастырмага болжол менен 25-30 жаштагы аял киши (аты-жөнү такталууда) кулап түшкөн.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, аялды чатырдан түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Белгиленгендей, анын абалы канааттандырарлык, колунан жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий