• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте айдоочу рулга ээ боло албай аялдаманы сүзгөн

Кырсык 0

Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. Бишкекте айдоочу рулга ээ боло албай аялдаманы сүзгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн саат 01:15те болгон. Toyota Camry үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, болжол менен 20-25 жаштагы жигит Ч.Айтматов проспектиси менен түндүк тарапты көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай аялдаманы сүзгөн.

Жабыркагандар жок. Учурда унаа айып аянтчасына коюлуп, кырсыктын чоо-жайы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий