• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Ак калпак күнү белгиленди ‒ сүрөт

Маданият 0

Бишкек, 05.03.22. /Кабар/. Бишкекте Ак калпак күнү белгиленди. Анын алкагында жөө жүрүш, флешмоб (калпак бий), “Кыргыздардын салттуу кийими” үй-бүлөлүк кийим топтомунун көргөзмөсү жана элечек ороо, калпак жасоо, сайма саюу боюнча мастер класстар өтүп, атайын концерттик программа менен коштолду.

Иш-чаранын мазмууну улуттук кийимибиздин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана башка улуттарга жайылтуу болуп саналат.

Эскерте кетсек, Ак калпак күнүн белгилөө идеясы 2011-жылдын февраль айында кинорежиссер Рысбек Жабиров тарабынан коомчулукка сунушталган. Демилге эл тарабынан колдоого алынып, ошондон бери Кыргызстандын булуң-бурчтарында жана чет өлкөдө жашаган кыргыздар тарабынан белгиленип келе жатат.

Калпак – бул эркектердин салттуу баш кийимдеринин ичинен башкысы болуп саналат. Көптөгөн кылымдар бою кыргыз эли баш кийимди ыйык санап келет. Манас бабанын мезгилинен бери анын формасы өзгөргөн эмес жана көп кырдуу мааниге ээ болуп, Ала-Тоонун ак карлуу чокуларын, кыргыз элинин жан дүйнөсүнүн аруулугун жана кооздугун чагылдырып турат.

Пикир

Оставить комментарий