• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте америка футболу боюнча Кыргызстан менен Казакстан ортосунда беттеш болот

Спорт 0

Бишкек, 06.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте 14-октябрда америка футболу боюнча Кыргызстандын “Барстар” жана Казакстандын “Титандар” курама командалары ортосунда беттеш болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган спорттун түрү боюнча ассоциациядан кабарлашты.
Оюн Дордой спорт комплексинде өтөт.
“Өз сүйүктүү командаңызды келип, колдоп кетиңиз! Кызыктуу болот”,-деп билдиришти уюштуруучулар.
“Барстар” Борбор Азияда америка футболу боюнча эң биринчи командалардан. Ал 2001-жылы уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий