• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

КРдин таэквондо боюнча курамасы Казакстандагы турнирден 5 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 26.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Эл аралык “Азиянын мушкери” турниринде Кыргызстандын таэквондо боюнча курамасы 5 медаль утту.

КР аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашкандай, иш-чара 21нен 24-март күндөрү Актөбө (Казакстан) шаарында өткөн. Ага Россия, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан келген 1 миң 500 (1500) мушкер катышкан.

Кыргызстандын курамасын машыктыруучу Атай Иманалиев коштоп барган.

Жыйынтыгында Бектур Саматов күмүш, Игорь Максимо, Азизбек Орозобек уулу, Нурболот Медербек уулу жана Бексултан Эрнисовдор коло медаль утушкан.

“Бул жакшы көрсөткүч. Биздин жаш спортчулар үчүн алардын карьерасындагы мындай деңгээлдеги иш-чара”,-деп билдиришти федерациядан.

Пикир

Оставить комментарий