• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте бадминтон боюнча чемпионат өттү

Спорт 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. Бишкекте 19-ноябрда эркектер жана аялдар арасында бадминтон боюнча турнир болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, спорттук мелдешке 40тан ашык адам катышты. Чемпионат беш категорияда өткөрүлдү: жалгыз эркектер, аялдар, эркектер, аялдар жана аралаш жуптар.

Төмөндө чемпионаттын жеңүүчүлөрү жана байге ээлеринин тизмеси:

Аялдардын жалгыз категориясы:
Ясмин Айсарова – 1-орун;
Айназик Мээримбекова – 2-орун;
Чынгызбек кызы Гүлкайыр – 3-орун.

Эркектердин жалгыз категориясы:
Devson Thingbaijam – 1-орун;
Абдумалик Садыков – 2-орун;
Алмаз Ташматов – 3-орун.

Аялдардын жуп категориясы:
Ясмин Айсарова жана Чынгызбек кызы Гукайыр – 1-орун;
Бегимай Калмаматова жана Бурулай Калмаматова – 2-орун;
Талайгүл Турарова жана Бермет Турарова – 3-орун.

Эркектердин жуп категориясы:
Тимурлан Искандаров жана Devson Thingbaijam – 1-орун;
Gandhia Upkar и Jaynarayana– 2-орун;
Алмаз Ташматов жана Абдумалик Садыков – 3-орун.

Микс жуп категориясы:
Татьяна Петрова жана Gandhia Upkar – 1-орун;
Анна Моисеенко жана Жайнараяна – 2-орун;
Абдумалик Садыков жана Ясмин Айсарова – 3-орун.

Бардык жеңүүчүлөр медаль, грамота жана кубок менен сыйланышты.

Мелдештер сергек жашоо образын жайылтуу, бадминтонду жайылтуу, ошондой эле Бишкек шаарынын курама командасын түзүү максатында өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, мелдешти Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти жана Кыргызстандын бадминтон жана сквош федерациясы менен биргеликте уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий