• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент Минскте ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катышат

Президент 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 23-ноябрда Беларустун Минск шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Сессия Беларусь президенти Александр Лукашенконун төрагалыгында өтөт. Уюмдун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов ЖККУнун сессиялар аралык мезгилдеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча баяндама жасайт.

Жамааттык коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулап, алдыда турган милдеттерди аныкташат, ошондой эле жамааттык коопсуздуктун кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган бир катар документтерди кабыл алышат.

ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлери Беларустун уюмдагы төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарып, Казакстандын 2024-жылы боло турган төрагалыгынын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча маалыматты угушат”, - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Пикир

Оставить комментарий