• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте бак-дарактарды электрондук эсепке алуу иши жанданды

Коом 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Бишкекте бак-дарактарды электрондук эсепке алуу иши жанданды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Учурда Ю.Фучик атындагы паркта, Д.Асанов атындагы Жеңиш паркында, Кайың жана жаңгак бактарында, ошондой эле Каражыгач токоюнда жана Жаштар паркында инвентаризциялоо иштери аяктады.

Эми бак-дарактардын өзүнүн “медициналык карточкалары” болот. Аларда ар бир райондун бригардалары жана агрономдору бак-дарактардын саны, геолокациясы, түрү, сугаты боюнча маалыматтары киргизип турат. Программанын алкагында "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын кызматкерлери бак-дарактарды өстүрүү жана дарылоо үчүн зарыл болгон каражаттардын көлөмүн алдын ала эсептей алышат.

3 жумада инвентаризацияланган бак-дарактардын жалпы саны 3000 даана болду.

Белгилей кетсек, инвентаризациялоонун максаты - жашылдандыруу программаларын иштеп чыгуу, жашыл мейкиндиктерди калыбына келтирүү, абалына мониторинг жүргүзүү жана зарыл болгон учурда профилактикалык чараларды көрүү, бухгалтердик эсептин маалыматтарын пайдалануу үчүн ишкананын иш процесстерин автоматташтыруучу программалык каражаттардын комплексин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий