• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте балдар арасында шахмат боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш жыйынтыкталды

Спорт 0

Бишкек, 15.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкек шаарында 6 жаштан 14 жашка чейинки кыздар жана эркектер арасында шахмат боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу мелдештин башкы калысы Сардарбек Нурдин уулу билдирди.

“Газпром Кыргызстан” мектебинде 14-ноябрда шахмат боюнча президенттин кубогу үчүн мелдештин жабылуу аземи өттү.

Жалпы жонунан Кыргызстандын бардык аймагынан 350 катышуучу күч сынашты. Медалдар 6, 8, 10, 12, 14 жаш курактагылар арасында ойнотулуп, турнир швейцариялык системанын негизинде жети тур боюнча өткөрүлдү.

Турнирдин байгелүү орундарын алган спортчулар кубок, медаль, диплом жана баалуу белектер (смартфон) менен сыйланды. Ал эми 6 жана 8 жашка чейинкилер арасында 4-5-орун алгандар акылдуу сааттар менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий