• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте бел боо күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Бишкекте бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт, деп билдирет Дене тарбия жана спорт департаменти.

Биринчилик 21-22-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болуп, ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмакта катышат:

  • кыз-келиндер арасында эркин стиль — 53, 58, 64, 71, 79, +79 кг;
  • эркектер арасында эркин жана классикалык стиль — 58, 63, 69, 76, 83, 91, 100, +100 кг.

Пикир

Оставить комментарий