• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте белгисиз адам Asia Mall соода борборунда бомба коюлгандыгы тууралуу билдирген

Коом 0


Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-январда болжол менен саат 15:31де Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан Asia Mall соода борборунун имаратында бомба коюлгандыгы тууралуу анонимдүү маалымат түшкөн. Бул тууралуу агенттикке Ленин райондук ичк иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги барышкан.

Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында имараттын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган, ошондой УКМКнын кызматкерлери да тартылды. Учурда тиешелүү издөө жана тактоо иш-чаралары жүрүүдө.

Толугураак маалымат кийинчерээк берилет.

Пикир

Оставить комментарий