• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Көчмө жыйында Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын актуалдуу маселелери талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук илимдер академиясынын Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык багынын ишмердүүлүгү менен таанышуу боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул туралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жыйындын жүрүшүндө аталган мекеменин ишмердүүлүгү, ошондой эле Ботаникалык бактын актуалдуу маселелери боюнча маалымат берилди.

Жолугушуунун катышуучулары бул мекемени өнүктүрүүнүн жана үзгүлтүксүз колдоого алуунун актуалдуулугун белгилешти.

Эдил Байсалов илимий ишмердүүлүк үчүн аянттарды жана Кызыл китепке киргизилген флора менен фаунанын ар кандай түрлөрү үчүн мейкиндикти сактоо зарылдыгын белгиледи. Ал белгилегендей, биринчи кезекте Ботаникалык бактын илимий макамын сактоо жана бекемдөө милдети турат.

Андан соң Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте Ботаникалык бакты өнүктүрүү сунуштары айтылды.

Пикир

Оставить комментарий